Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Кытай учак тартуучу алгачкы кемесин деңизге чыгарды


Мамлекеттик “Синхуа” агенттигинин кабарына караганда, кеме бүгүн өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Далян портунан деңизге кыска мөөнөттүү сыноо үчүн чыгып кетти.

Кезинде Советтер Союзу бүткөрө албай калган кемени Кытай мындан он жыл мурда Украинадан сатып алган жана андан бери аны кайра жабдыды.

“Синхуанын” маалыматына караганда, кыска саякаттан кайтып келгенден кийин узундугу 300 метр келген кемени жабдуу жана сыноо иштери улантылат. Кытай бийлигинин айтымында, учак конуучу жана сүйрөөчү кемени изилдөөлөр жана машыгуулар үчүн пайдаланылат. Аналитиктердин пикиринде, расмий Бээжин учак тартуучу кемелер боюнча өз флотуна ээ болууну пландап жаткандай.

XS
SM
MD
LG