Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Быйыл чет өлкөлүк жарандарга кол салуулар көбөйдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов билдирди. Маалыматка ылайык, алты ай ичинде Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандарга карата 129 кылмыш иши жасалган. Былтыр бир жыл ичинде 100 факт гана катталган.

Жакында Ысык-Көлдө казакстандык туристи сабалып, ооруканага жаткырылган. Президент Роза Отунбаева казакстандык эс алуучуга кол салынышын дыкат иликтөөнү ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге тапшырганы кабарланган. Андан көп өтпөй, 7-августтун түнү Ысык-Көл районунун аймагындагы “Рохат” пансионатындагы казакстандык эс алуучулардын бири белгисиз жаштар тарабынан көл жээгинде тонолгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG