Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Президент судьялардын ар бири менен маектешип чыгат


Президент Роза Отунбаева судьяларды тандалышы боюнча Бишкекте өткөн жыйынга катышып, Сотторду тандоо кеңеши тандап чыккан Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларынын ар бири менен өзү маектешип чыгарын билдирди:

“Айтылган сунуштар, сын пикирлер тыкыр талданып, иликтенип чыгат. Мыйзам тарабынан каралган он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын судьясы болом деген ар бир талапкер менен жеке жолугушуп, иш тажрыйбасы менен таанышып, аңгемелешүү жүргүзөм деген ниетим бар”, - деди Роза Отунбаева.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, президент Сот департаментинин жетекчилигине Судьяларды тандоо кеңешинин отурумунун аудио, видео материалдарын жана стенограммасын алып келип берүү тапшырмасын берди.

Судьялардын тандалышын талкуулаган жыйынга Сотторду тандоо кеңешинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун мүчөлөрү катышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG