Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Бишкекте инкассаторду тоногондор кармала элек


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте акча ташыган машинаны тоноду деп жеке күзөт агенттигинин кызматкерлери, алардын бири 1982-жылы туулган Улан Юсупов шектелүүдө. Жалпысынан 10 миллион сомдой каражат тонолгону айтылууда.

Маалыматка ылайык, “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына тиешелүү инкассатор Аламүдүн районуна акча жеткирүүгө бараткан. Машинанын ичинде кассир менен жеке күзөт агенттигинин куралчан эки кызматкери болгон. Машина Салиев көчөсүнөн өтүп бара жаткан бир күзөт кызматкер айдоочуга тапанча кезеп, башка багытта айдоого буйруган. Айдоочу каршылык көрсөткөндө, аны бутка атышкан. Натыйжада машина Бишкектин Фрунзе көчөсүнө келгенде акчаны алып белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факт боюнча учурда кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү колго түшүрүү аракети уланууда. Жабыркаган айдоочу ооруканага жеткирилди. (KKs)

XS
SM
MD
LG