Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Түрк жараны Али Осман Зор мекенине кайтарылганы кабарланууда


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери аны түрк бийлигине жашыруун өткөрүп бергенин “Азаттыкка” укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, Али Осман Зор 2-август күнү Кыргызстандан чыгарылган. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тастыктай да, төгүндөй да элек.

Түрк жараны Али Осман Зорду УКМК террорчул уюмдун мүчөсү деп шек менен 2-майда камакка алган.

“Ал-Кайида” уюму менен байланышта деп айыпталып, өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Али Осман Зор былтыр жайында Кыргызстандан саясий башпаанек сурап кайрылган. Эмгек жана миграция комитети ага качкын макамын берүүдөн баш тартканы белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG