Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Акча тарткан унааны карактагандар кармала элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов бүгүн эртең менен маалымдады. Анын маалыматы боюнча, кечээ инкассаторду тоногон деп шектелген адамдардын биринин аты-жөнү аныкталган, иликтөө-издөө иштери уланып жатат. Ал жеке күзөт агенттигинин кызматкери, 1982-жылы туулган Улан Юсупов деп айтылууда.

Маалыматка ылайык, “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына тиешелүү инкассатор Аламүдүн райондук почтасына акча жеткирүүгө бараткан. Машинанын ичинде кассир менен жеке күзөт агенттигинин куралчан эки кызматкери болгон. Машина Салиев көчөсүнөн өтүп бара жатканда бир күзөт кызматкери айдоочуга тапанча кезеп, башка багытта айдоого буйруган. Айдоочу каршылык көрсөткөндө аны бутка атышкан. Натыйжада машина Бишкектин Фрунзе көчөсүнө келгенде алар акчаны алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Жалпысынан 10 миллион сомдой каражат тонолгону айтылууда. Бул акча пенсионерлердин пенсиясы жана балдарга берилүүчү жөлөкпул экени кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG