Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Британ парламенти бүгүн атайын жыйынга чогулат


Парламент жайкы эс алуудан Британияда соңку күндөрү орун алган баш-аламандыктарга байланыштуу чакыртылды. Премьер-министр Дэвид Кэмерон кечээ бийликтер кыянатчылыктарды токтотуп, көчөдө тартип орнотуу үчүн кандай чара болбосун барууга даярдыгын эскертти.

Британ өкмөт башчысынын айтымында, суу бүркүгүчтөр Британияда буга чейин колдонулган эмес, полицияга желим октор да берилет. Полициянын маалыматына караганда, тополоң алгач башталган ишембиден бери 1000дей киши камакка алынды.

Шаршембинин түнү шаарлар менен шаарчаларда, анын ичинде Лондон, Манчестер, Бирмингемде тынч болгону кабарланды. Бирмингемде шейшембинин түнү үч адам мүлкүн коргоого аракеттенип жатканда автоунаа сүзүп каза табышкан. Коопсуздукту сактоо үчүн шаарлардын көчөлөрүнө кошумча миңдеген полицейлер чыгарылган.

XS
SM
MD
LG