Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Акциялар арзандап, алтын баасы асмандоодо


Нью-Йорк биржасында шаршемби күнкү соодада алтындын бир унцийи адегенде 1801 долларга чейин бааланып, соода 1784 доллар менен жыйынтыкталды. Бул - алтын баасы үчүн жаңы рекорддук көрсөткүч. Акыркы төрт күндө алтын 8%дан ашуунга кымбаттады. Азыркы кымбаттоо дүйнөнүн баалуу кагаздар базарындагы олку-солкулуктардан улам инвесторлор акчасын сактоонун коопсуз жолун издеп жаткан учурга туш келүүдө. Бүгүн Азиянын биржаларында акциялардын баасы кайрадан түштү. Ага чейин баалуу кагаздар базарындагы төмөндөө АКШ, Франция, Германия, Италия, Испанияда орун алган. АКШда негизги биржалык индекс - Доу Жонс кечээ 4,6 пайызга ылдыйлады. Аналитиктер муну АКШ менен Европадагы карыз кризистери менен байланыштырууда. Буга кошумча француз банктарындагы проблемалардан улам Франциянын кредиттик рейтинги төмөндөтүлөт деген жоромолдор пайда болду эле, бирок рейтинг агенттиктери бул маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG