Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

“Ак шумкар” президенттикке талапкер көрсөтпөйт


“Ак шумкар” партиясы алдыдагы президенттик шайлоого талапкер көрсөтпөө чечимин кабыл алганын “Азаттыкка” партиянын лидери Темир Сариев билдирди. Ал партия тарыхый чечим кабыл алганын, бул кадам менен элди биригүүгө чакырарын ачыктады. Партия шайлоодо кайсы талапкерди колдоорун кийин жарыялайт:

“Биз азыр өзүбүз чыкпасак да, шайлоодо партиянын штабдары иштейт. Талапкердин баары көрсөтүлүп, каттоодон өткөндөн кийин албетте бирөөсүн тандайбыз. Ал талапкерди тандоодо негизги талаптардын бири - 7-апрель окуясынан кийин үй-бүлөлүк башкарууну кыйратып, эл бийлигин орнотуп, жаңы бутактарды түзүүнү көздөгөн талапкерди колдойбуз”,-деди Темир Сариев.

“Ак шумкар” партиясы шайлоо алдында элди бөлүнбөөгө чакырып, “Кыргызстандын келечеги үчүн” аттуу улуттук кыймыл түзүүнү көздөөдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG