Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 13:05

Вашингтон: Ак үйдө орозо кармагандарга ифтар уюштурулду


АКШнын президенти Барак Обама Ак үйдө мусулман дипломат, депутат, администрация кызматкерлерине иптар тамагын берди. Ыйык орозо айындагы салтка айланган Ак үйдөгү ооз ачырууда Обама 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдардан аман калган мусулмандарды эскерди. Ал чабуулдарда террордук "ал-Кайида" тобунун мүчөлөрү учактарды ала качып жардырганда 3 миң киши, анын ичинде мусулмандар набыт болгон. Вашингтондун администрациясы президент Жорж Буштун мезгилинен бери мусулмандарга ооз ачтырып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG