Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Британиянын өкмөт башчысы парламентте сүйлөдү


Парламенттик чукул жыйынында Дэвид Кэмерон "соңку тополоңго байланыштуу өкмөт чечкиндүүлүк менен аракеттенип жатат" деди.
Кэмерон Британиянын соңку тарыхындагы эң ири толкундоолорду токтотуу боюнча атайын чараларды атады. Ал тартип коргоочуларга кошумча ыйгарым берүүгө чакырып, эгер зарыл болсо шаарларга армия киргизилиши мүмкүн экендигин эскертти.

Кэмерон “үйлөрүнөн же ишканаларынан кол жууган жарандарга компенсация төлөнөт" деди. Англиянын ири шаарларында акыркы төрт күндө сүрмө топтор имараттарды өрттөп, дүкөндөрдү каракташты. Кэмерон "талоончулар жазасыз калбайт" деп эскертти. Ишемби күнү тартип коргоочулар бир кишини атып салгандан башталган толкундоолордо Лондондо жана башка шаарларда бир миңден ашык киши камакка алынды.

XS
SM
MD
LG