Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Али Осман Зор экстрадицияланганы тастыкталды


"Террорчул уюмдун мүчөсү" деп шектелип, Түркиянын өтүнүчү менен Кыргызстанда кармалган Али Осмон Зор 3-августта мекенине кайтарылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады. Түрк жараны бомба террорчулугу боюнча эл аралык конвенциянын негизинде Түркияга өткөрүлүп берилди.

Кечээ айрым укук коргоочулар Али Осман Зор жашыруун экстрадицияланды деп билдирип чыгышкан.

Түрк жараны Али Осман Зор өткөн жылдын июнь айында качкын макамын берүү боюнча кыргыз бийлигине кайрылган. Ушул жылдын 2-майында Түркиянын өтүнүчү менен камакка алынган.

Кыргызстандын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги ага качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Жактоочулар Зор мыйзамсыз кармалып отурганын айтышып, аны Кыргызстан Түркияга өткөрүп бербеши керек деген билдирүүлөрүн таркатып келишкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG