Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Бабанов: Кышында жарык өчпөйт


Алдыдагы кышкы жылуулук берүү сезонунда электр жарыгы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн күз жана кышка даярдык боюнча өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычында 19,2 миллиард куб метрдей суу бар. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 37 миллион куб метрге көптүк кылат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун мындай көлөмү менен алдыдагы күз жана кышта электр жарыгында маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт”,-деди Бабанов.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Бабанов тийиштүү органдарга электр тармагындагы жоготууларды азайтуу, карыздарды чогултуу талабын койду. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG