Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:29

ЖККУга мүчө өлкө башчыларынын бейформал жыйыны болот


Ага катышуу үчүн президент Роза Отунбаева бүгүн Астанага жөнөп кетет деп билдирди "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров. Астанадагы бейформал жыйында Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси, анын ичинде Кыргызстандагы кырдаал тууралуу талкуу болот. Мындан тышкары ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун толук кандуу камсыз кылуу максатында уюмдун эффективдүүлүгүн арттыруу маселеси да көтөрүлүшү ыктымалдыгы ЖККУнун сайтында кабарланган.

Бүгүн Астанада болуучу ЖККУга мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммити жыл аягына болжолдонгон формалдуу саммитке даярдык болуп эсептелет. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG