Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Кумтөр келишиминин мыйзамдуулугун кайра кароо сунушталууда


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат, Кумтөр келишимин кайра кароо боюнча комиссиянын мүчөсү Райкан Төлөгөновдун баамында, Конституциялык палата куралып бүткөндө андан Кумтөр келишиминин мыйзамдуулугун кароону өтүнөт.

Парламентарий белгилегендей, Конституциялык палата менен катар башка инстанциядагы соттор Кыргызстан үчүн пайдасыз келишим түзүүгө жол бергендердин жоопкерчилигин да кароосу керек.

Келишимди кайра кароо демилгесинин көтөрүлүүсү дүйнөлүк базарда алтын баасы өсүп жатан учурга туш келүүдө. Бул аптада дүйнөлүк биржаларда алтындын баасы 1800 долларга чейин чыгып, кайра кечээ 1760 доллардын тегерегине түштү.

Кумтөр боюнча канадалыктар менен келишим акыркы ирет 2008-жылы өзгөртүлгөн. Анда кенди казып жаткан “Центерра Голд” компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү көбөйтүлүп, 33 пайызга чыгарылган. Ушул аптада өкмөт быйыл жети айда Кумтөрдө алтын өндүрүшү 15 пайызга жогорулаганын билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG