“Республика” саясий партиясы 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкер көрсөтпөй турганын “Азаттыкка” партиянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөнүн ынтымак жана биримдиги үчүн кабыл алынган:
“Жакынкы күндөрү президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктагандан кийин президенттик шайлоодо "Республика" партиясы, анын максаттарына программасы менен дал келген талапкерди колдоо жөнүндө чечимин кабыл алат”,-деп жазылат билдирүүдө.
Кечээ “Ак шумкар” партиясы да президенттикке талапкер көрсөтпөй турганын билдирип чыккан.
11-августка карата президент болом дегендердин саны 54кө жетти. (KKs)