Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Сабалган казак туристтин абалы оор


Ысык-Көлдүн жээгинде тонолуп, ур-токмокко кабылганы айтылган казак жараны Ерлан Балмахаевдин абалы оор болгонун “Азаттыкка” Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Алмира Алдашева билдирди. Анын айтымында, турист эсине келе албай, комада жатат. Анын баш мээсине операция жасалды. Бүгүн Алматыдан дарыгерлер келип, аны Казакстанга алып кетүү маселеси каралат.

Расмий маалыматка караганда, Ерлан Балмахаев 7-августка караган түнү белгисиз жаштар тарабынан көл жээгинде тонолуп, сабалган. Бул окуянын иликтенишин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өз көмөлүнө алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG