Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Степкичева Орусиянын жараны экенин тастыктады


Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Ирэна Степкичева 1994-жылдан баштап Кыргызстандын жараны экенин “Азаттыкка” билдирип, ошол эле учурда 1995-жылдын ноябрь айынан бери Орусиянын жарандыгын алганын тастыктады. Ал Кыргызстандын жаңы Баш мыйзамы эки жарандык алууга мүмкүнчүлүк бергенин, натыйжада эч кандай мыйзам бузбаганын айтууда.

Кечээ президенттин басма сөз кызматы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Ирэна Степкичева 1995-жылдын 21-майынан тарта Орусия Федерациянын жараны экендиги тастыкталганын, мыйзамга ылайык Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болууга Кыргызстандын жарандары гана укуктуу экенин билдирген.

Сотторду тандоо кеңеши 24 кишиден турган, судьяларды кызматка ылайыктуулугун текшерүүчү орган. Анын курамы 8-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында бекиген. Сотторду тандоо кеңешине Ирэна Степкичева “Ар-намыс” фракциясынан көрсөтүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG