Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Бишкекте граффити иш-чарасы өтүүдө


Дубалдарга сүрөт тартуу менен коштолгон граффити коомдук чарасы Бишкектеги Германия элчилигинин алдында өтүүдө. Ага Кыргызстандын жана Германиянын сүрөтчүлөрү катышып, сүрөтчүлөр эки күн боюнча элчиликтин тосмо дубалдарынын ички бетине сүрөт тартып чыгышат. Уюштуруучулар “Азаттык” үналгысына билдиришкендей, бул иш-чарага Германиянын Маркус Эше жана Тино Шнейдер өңдүү белгилүү сүрөтчүлөрү да чакырылган.

Аталган иш-чараны жаштардын BASICOLORS аттуу тобу Кыргызстандагы Германия жана Франция элчилигинин колдоосу менен өткөрүүдө. Уюштуруучулар бул аракет менен аты аталган өлкөлөрдүн жаштарынын мамилесин жакшыртып, маданий байлыгын жогорулатууну максат кылышат.

Граффити - дубалдарга ар кыл сүрөт, жазууларды кооздоп тартуу менен коштолгон көркөм чыгармачылыктын бир түрү. (KKs)

XS
SM
MD
LG