Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Астанада ЖККУнун жыйыны аяктады


Казакстандын Астана шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун бейформал жыйыны аяктап, президент Роза Отунбаева Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров билдирди.

Маалыматка ылайык, бейформал жыйында уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн глобалдык коркунучтарга каршы аракеттенүү, өз ар кызматташуу маселеси каралды. АКШ күчтөрүнүн Ооганстандан чыгып кетүү алдындагы абал, ЖККУнун жоопкерчилиги астында болгон аймактардагы табигый жана техногендик кырсыктарга каршы туруу, эл аралык террорчулук, маңзат көйгөйү жөнүндө сөз болду. Ошондой эле өлкөлөрдөгү маалыматтык коопсуздук маселеси да талкууланды.

12-августта болгон ЖККУнун бейформал жыйыны жыл аягына болжолдонгон формалдуу саммитке даярдык болуп эсептелет. (KKs)

XS
SM
MD
LG