Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Президент болом деген айымдардын саны 4кө жетти


Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн президенттикке катышуу ниетин "Илим" билим берүү комплексинин директору Гайша Ибрагимова билдирди. Натыйжада президенттикти эңсеген айымдардын саны төрткө жетти. Буга чейин үч айым: “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы Өмүрбүбү Бегалиева, убактылуу иштебеген Асида Иманалиева менен Дамира Токтосунова шайлоого катышарын жар салышкан.

“Эгемен Кыргызстан” партиясынын атынан көрсөтүлгөн Бектур Асанов талапкерлигин расмий кайтарып алгандан кийин, президент болом дегендердин жалпы саны 57ни түздү. Булардын ону саясий партиялардан көрсөтүлсө, 47си өзүн-өзү көрсөтүштү.

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 15-августта кечинде аяктайт. БШК шайлоого катышуу ниетин билдирген адамдардын алгач экиден ыйгарым өкүлдөрүн каттайт. Андан соң бул эки өкүл тийиштүү документтерди топтоп, талапкерди каттатуу багытында БШК менен иш алып барат. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG