Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Сабалган казак туристти Бишкекке которушту


Ысык-Көлдүн жээгинде ур-токмокко кабылып, абалы оор болгон казак жараны Ерлан Балмахаевди бүгүн Чолпон-Ата шаардык ооруканасынан Бишкектеги Улуттук госпиталдын Нейрохирургия бөлүмүнүн реанимациясына которушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Алмира Алдашева билдирип, казак туристти бүгүн саат бирде Бишкектен келген адистер атайын реанимобилде алып кетишкенин ачыктады.

Маалыматка ылайык, турист дале эс-учуна келе албай жатат. Анын баш мээсине операция жасалды.

Ерлан Балмахаев 7-августка караган түнү белгисиз жаштар тарабынан көл жээгинде тонолуп, сабалган. Бул окуянын иликтенишин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өз көмөлүнө алган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG