Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

“Ар-намыс” Калматовду жарышка салды


Депутат Анарбек Калматов “Ар-намыс” партиясынан президенттик шайлоого талапкер болуп шайланды.

13-августта аталган партия жыйын куруп, Калматовдун талапкерлиги бир добуштан колдоо тапты. Июлда партиянын талапкерди тандоо боюнча курултайынын жыйынтыгы талаш-тартыштарга байланыштуу жокко чыгарылган эле. Анда Анарбек Калматов менен Акылбек Жапаров көрсөтүлүп, Калматов озуп кеткен болчу.

“Ар-намыстын” талапкери жүздөгөн делегаттар катышкан курултайда эмес, 30дай кишинин жыйынында тандалды. Партиянын уставына ылайык, президенттикке талапкерди курултай эмес, 40 делегат туруктуу мүчөсү бар жыйын көрсөтөт экен. Бирок бул жыйында 27 гана адам болду. Партия лидери Феликс Кулов алардын 10го жакыны белгилүү себептер менен келе албай калганын айтты.

Кулов “Азаттыкка” курган маегинде партия көрсөткөн талапкер калктын калың катмарына жакшы тааныш эместигин, андыктан жарышы оор болорун моюнга алды, ошондой эле кийин кайсы бир саясий күчтөр менен биригүү мүмкүнчүлүгү түзүлсө, иш жүргүзүү үчүн штаб да түзүлгөнүн тастыктады.

- Мен муну өзгөчө кырдаалда, белгилүү бир шарттарда керек болуп калса деп сунуштадым. Биз көрөбүз, келечекте дагы алда кандай болушу мүмкүн. Бирок биз мындай учурларга алдын ала шарт түзүп коюшубуз керек. Жапаров өз алдынча чыгып жатат. Сиз да уктуңуз, Жапаров белгилүү бир себептер менен келе албай калды. Ошондуктан анын талапкерлиги көрсөтүлгөн жок.

Жыйында “Ар-намыс” жалгыз Анарбек Калматовдун талапкерлигин көрсөтүп, бир добуштан бекитти. 9-июлда партия курултайга чогулуп, анда Анарбек Калматов менен Акылбек Жапаровго добуш беришкен. Натыйжада Калматов озуп кеткен болчу. Бирок нааразычылыктар чыгып, курултайдын чечими жокко чыккан эле.

Анарбек Калматов Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин бир топ жыл прокуратура тармагында иштеген экен, программасы тууралуу буларды билдирди:

- Программамдын өзөгүн биринчи кезекте Кыргызстанда стабилдүүлүк, тартип орнотуу жана коррупция менен күрөш түзөт. Менин мүмкүнчүлүгүмдү эл таразалап чечет. Мен бүгүн эч нерсе деп айта албайм. Эл чечет, эл тараза.

“Ар-намыстын” дагы эки мүчөсү шайлоого аттанган болчу. Турсунбай Бакир уулун “ЭрК” партиясы президенттикке көрсөткөн. Өмүрбек Суваналиев өз алдынча чыккан.

Серепчи Турат Акимов азыр партия лидеринин колундагы көзүрү дал ушул Суваналиев деген пикирин айтты.

Өзүнчө саясий оюндар жүрүп жатканын, Куловдун президенттикке талапкерлигин койбогон себеби да бар экенин белгиледи:

- Кулов азыр бийлик менен өзүнчө мамиле түзүп жатат. Бул киши премьер-министр болуп калышы мүмкүн. Калматовду коомчулук тааныбайт, утаарына ишенбейм. Турсунбай Бакир уулу көптөн бери президенттик шайлоого катышып жүргөндөн кийин өзүнүн амбициясынан аша албайт. Акылбек Жапаров болсо партиясына нааразы болуп чыгып жатат. Анткени ал “Ар-намыстын” атынан чыксамбы, Куловдун партиясы колдосо деген ойдо болгон.
Жапаров белгилүү бир себептер менен келе албай калды. Ошондуктан анын талапкерлиги көрсөтүлгөн жок.

Бирок, менимче, Куловдун көзүр картасы бул – Суваналиев. Ал көптөн берки саясий өнөктөшү. Анан орустар менен мамилеси жакшы, Кулов көбүнчө Рушайло менен жакшы, ошол орустарга Суваналиевди көрсөтүп, өзүнчө талапкер кылып чыгарып жатышат.

Партиянын атынан чыккан киши албетте жеңе албайт. Бирок мунун баары саясий оюн да. Бийлик болсо өзүнүн сценарийин камдап койгон. Бийликти бөлүшкүсү келбейт. Ошондуктан күзүндө саясий кагылышуу өтө курч өтөт.


“Ар-намыс” Кыргызстандагы карт партиялардын бири. Айрыкча президент Аскар Акаевдин тушунда таскагы катуу чыгып, күчтүү оппозициялык партиялардан эле. Былтыркы парламенттик шайлоодогу жеңиши көптөр үчүн күтүлбөгөндөй болгону айтылган. Азыр Жогорку Кеңеште 24 депутаты бар.

“Ар-намыстын” 10 депутаты коалициялык көпчүлүккө кошулабыз деп чыккан. Кулов партиялаштарынын мындай аракетин мыйзамсыз деп сыпаттаган.

Соңку маалымат боюнча Кыргызстанда президенттикти эңсегендердин саны 57 болду. Шайлоо 30-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG