Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Сирия армиясы деңиз боюндагы Латакияга киришти


Жергиликтүү оппозиционерлердин айтымында, аткылашуулар угулуп жатты. 20 чакты танк, башка техника киргизилгени кабарланууда. Латакия - өкмөткө каршы наарызылык акциялардын очокторунун бири.

12-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон президент Башар Ассадга кысым көрсөтүү иретинде башка өлкөлөрдү Сириядан мунай менен газды сатып алууну токтотууга чакырган.

Клинтон ошондой эле Орусияны Сирияга курал сатуу практикасынан баш тартууга үндөдү.

Активисттер менен күбөлөрдүн ырастоосунда, жума намазынан кийин кечээ өлкөнүн булуң-бурчунда бери дегенде 11 демонстрант окко учту. Мамлекеттик САНА агенттиги кабарлагандай, Дамасктын жака белинде 2 полициячы аткылоого туш болуп, мерт кетти.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы гуманитардык абалды 18-августта талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG