Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Ашууда өлгөн альпинистти алып түшүүгө тик учак кетти


Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Фестивальный ашуусунда белгисиз себептен каза болгон 54 жаштагы орусиялык альпинист В. Неудахин алып түшүүгө атайын тик учак жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Томск шаарынан келген 6 альпинист, 26-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өтүшкөн. 7-августта Фестивальный ашуусунда аба ырайы бузулганына байланыштуу түнөп калышкан. 12-августта кечке жуук альпинисттик топ Каракол шаарына түшүп келип, бир альпинисттин себепсиз каза болгонун кабарлашкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG