Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Болливуддун жылдызы Шамми Капур дүйнө салды


Мумбайда индиялык белгилүү актер Шамми Капур 79 жаш курагында көз жумду. Капурдун фан клубунун жетекчиси Нихал Гангаваненин айтымында, актер бөйрөк оорусунан каза тапты. Капур 100дөн ашуун филмде тартылган. Эң таанымалдары – “Жунгли”, “Чайнатаун”, “Париждеги кече”. Бийлөө, эмоционалдуу кыймылдоо манерасы менен өзгөчөлөнгөн Капурду күйөрмандары аны “Индиянын Элвис Преслиси” деп аташчу.

XS
SM
MD
LG