Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев “7-апрель жаштар кыймылы” партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү. Мындай чечим партиянын бүгүнкү курултайында кабыл алынганын Түлеев “Азаттыкка” тастыктады.
Нариман Түлеев 2010-жылдын 7-апрелине чейин Бишкек мэри болуп иштеп келип, былтыр күздөгү шайлоодо Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынан депутаты болуп шайланган.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда болот. Ага талапкерлерди көрсөтүү эртең кеч менен аяктайт. (KKs)