Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

Президент болууну көздөгөндөр 66га жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, кечээ президенттик шайлоого ат салышуу максаты менен дагы он киши кайрылып, Болот Казакбаев мурдагы кайрылуусун кайра артка алды.

Президент болуу ниетин билдирип, Ош шаардык "Благоустройство" ишканасынын башчысы Төлөнбай Калматов, куудул Жамбыл Камчыев, Орусияда иштеген Кубанычбек Апас, "Манас дүйнөсү" гезитинин башкы редактору Куттубек Асылбеков, куудул Борончу Кудайбергенов, "Пенитенциарный" коомдук фондунун негиздөөчүсү Төлөн Дыйканбаев, отставкадагы полковник Нишанбай Сулайманкулов кайрылышкан.

Булардан тышкары "Бакубат Кыргызстан" партиясы өзүнүн лидери, Ош жана Жалал-Абат шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин, "Ар-намыс" партиясы мүчөсү Анарбек Калматовдун талапкерлигин көрсөткөн кайрылууларын Боршайкомго жолдошкон. Ошол эле күнү «Айкөл Манас жана Сергий Радонежский» укук коргоо борборунун башчысы Сергей Трофимов президенттикке талапкерлигин дагы бир жолу сунуштап, БШКга кайрылды.

Акыркы маалыматтары боюнча КР президентинин ордуна талапкерлиги сунушталгандардын саны 66га жетти. Алардын ичинен 54ү талапкерлигин өздөрү сунуштагандар, 12син саясий партиялар көрсөтүшкөн.

Күзүндө болуучу президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү бүгүнкү күн менен аяктайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG