Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Депутаттардын кезексиз жыйыны үзгүлтүккө учурады


Бүгүн эртең менен Жогорку Кеңеш имаратынын (Ак үй) алдына миңден ашык адам чогулуп, кезексиз жыйынга чогула турган депутаттарды, парламенттин аппарат кызматкерлерин ичкери киргизбей коюшту. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” уюмдарынын мүчөлөрүнөн турган топтор Ак үйдүн эки эшигин тороп алышып, 7-апрель окуялары боюнча соттук ишти аягына чыгарууну талап кылышты. Мындан тышкары чогулгандар мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин үй камагына бошотулушуна нааразы болушуп, Равшан Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу баштаган бир катар депутаттарды кысмакка алышты.

Жакында мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. Калыевди үй камагына бошотуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин алтымыштай депутаты да билдирип, судьяга кат жолдошкон. (KKs)

XS
SM
MD
LG