Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Дэвид Кэмерон кылмышкерлерди аябайт


Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон көчө кылмышкерлерине жана жаштардын кылмыш топторуна каршы күрөштө эч кандай сабырдуулукка барбайт. Ал мындай эскертүүнү Лондондо жана башка шаарларда болгон тополоңго байланыштуу Британиянын Sunday Telegraph гезитине курган маегинде айтты.

Кэмерондун сөзүнчө, жакынкы айларда кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде майда-барат кылмыштарды токтотуу боюнча бир катар катаал чаралар иштелип чыгат. Беш адамдын өмүрүн алган жана жүздөгөн ишканаларга зыян келтирген тополоңго тиешеси бар деп 2140тан ашуун адам камакка алынган.

Бул программаны иштеп чыгууга Нью-Йорк полициясынын мурдагы акими Билл Брэдли чакырылган.

XS
SM
MD
LG