Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Ассаддын армиясы демонстранттарды аябайт


Сирияда президент Башар Ассадды бийликтен кетүүнү талап кылган демонстранттарды күч менен айосуз басуу уланууда. Сириянын Революцияны координациялоо биримдигинин маалымдашынча, аскерлердин чабуулунан кеминде 32 киши курман болгон. Латакия шаарында 24 адам, анын ичинде 2 жашар бала окко учканын аталган уюм билдирди. Сириядагы адам укугун байкоочу уюмдун кабарлашынча, аскерлер шаардын эл жыш жайгашкан аймактарында элди автоматтык куралдардан аткылаган. Күбөлөрдүн ырасташынча, мартта өкмөткө каршы токундоолор башталгандан бери Латакияда азыркыдай кандуу окуя боло элек болчу.

XS
SM
MD
LG