Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Казак туристти өлтүргөндөр колго түшө элек


7-августта Ысык-Көлдүн жээгинде казак туристи Ерлан Балмахаевге кол салып, ур-токмокко алган адамдар алигиче табыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда кылмышка шектүүлөр боюнча маалыматтар текшерилип, иликтөө жүрүп жатат.

Казакстандан Ысык-Көлгө эс алууга келген казак туристи Ерлан Балмахаев ур-токмокко кабылгандан бир аптадан кийин, кечээ Бишкекте каза болгон. Дарыгерлер анын баш мээси чайкалганын билдиришкен. Балмахаевдин башына эки жолу операция жасалса да, ал эсине келген эмес.

Казак туристтин сабалышын тыкыр иликтөөнү президент Роза Отунбаева ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге тапшырган. (KKs)

XS
SM
MD
LG