Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Митингчилер Ак үй алдынан кетпей турушат


Ак үй алдына митингге чыккан адамдар Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын аякташын күтүп, кетпей турушат. Алар өз талаптары боюнча депутаттардан чечим кабыл алууну талап кылышууда. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, парламенттин кезексиз сессиясы түштөн кийин башталганы турат.

Ак үй алдында бүгүн эки топ нааразылык акциясына чыгышты. 7-апрель окуясынан жабыркаган адамдардын тобу мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин үй камагына бошотулушуна нааразы болуп, Калыевдин ден соолугу боюнча экспертиза өткөрүүнү суранышууда.

Ошондой Жогорку Сот менен Конституциялык палатага жаңы тандалган судьяларга каршы болгон экинчи топ бул судьялардын талапкерлигин кайра кароону талап кылышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG