Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Президент сотторго карата сындар жүйөлүү деп эсептейт


Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, өткөн ишемби, жекшемби күндөрү президент Роза Отунбаева Жогорку Сот менен Конституциялык палатага жаңы тандалган судьялардын көпчүлүгү менен жолугушту. Анда президент бул судьялардын айрымдарына суроолор көп экендигин, судьяларга жана Соттордун тандоо кеңешинин дарегине айтылган сындар жүйөлүү экендигин белгиледи. Мындан тышкары мамлекеттик бардык тийиштүү органдарга тапшырма берилгенин, судьяларга карата дооматтар тыкыр иликтенип чыгарын эскертти.

Сотторду тандоо кеңеши августтун башында Жогорку Соттун 29, Конституциялык палатанын 11 судьясын кайра тандап чыккан. Жогорку Соттун 6 оруну үчүн жаңы талапкерлер сунушталары кабарланган. Жаңы тандалган судьялар азырынча бекитиле элек.

Сотторду тандоо кеңешинин иштешине жана тандалган судьяларга каршы бүгүн “Сотторду тазалоо” кыймылы Бишкектеги Ак үй алдында митинг өткөрүүдө. Алар Жогорку Сотко мурдагы бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарган адамдар кирип калганын жүйө кармашууда. Өз кезегинде Сотторду тандоо кеңеши жаңы судьялар болушунча тыкыр тандоодон өткөнүн билдирип келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG