Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Парламенттин кезексиз сессиясы башталды


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн эртең мененкиге белгиленген кезексиз жыйынын азыр башташты. Ага 101 депутат катышууда. Ошондой эле жыйынга бүгүн Ак үй алдына митингге чыккандардын ондой өкүлү күбө болууда. Парламенттин кезексиз сессиясында Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын шайлоо маселеси каралмакчы.

Кезексиз сессия бүгүн эртең мененки саат 9:30да башталышы керек эле. Ак үй алдында митингге чыккандар депутаттарды имаратка киргизбей, талаптарын билдиришкен. Түшкө чейин Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибеков баштаган депутаттар митингчилер менен жолуккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG