Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

БШК аймактык шайкомдор боюнча партияларга кайрылды


Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларды аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү маселесине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырууда. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, саясий партиялардан, жергиликтүү кеңештерден көрсөтүлгөн талапкерлер тездик менен аймактык шайлоо комиссияларынын курамынан чыгып кетүүдө. Алсак, акыркы мезгилде аймактык шайкомдордун курамынан он бир партиянын өкүлү чыгып кеткен.

Бул жагдай Боршайкомдун жүгүн көбөйтүп, мүчөлөр чыгып кеткен шайлоо комиссияларын кайра кароого мажбур кылууда. Мындан улам БШК саясий партияларды жоопкерчиликке үндөп, шайлоо комиссияларынын жаңы мүчөлөрүн окутуу каражатты гана эмес, убакытты да талап кылаарын эскертүүдө.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо үчүн республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп, иш алып барууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG