Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 20:22

Каирде Мубарактын соту уланууда


Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын үстүнөн сот процесси уланууда. 83 жаштагы Мубарак жыл башында анын режимине каршы көтөрүлгөн демонстранттарга ок атуу буйругун берген деп айыпталууда. Ал айыптоолорду четке кагууда.

Саламаттыгына байланыштуу экс-президент сот залына керебетте жеткирилди. Аны менен кошо коррупция үчүн күнөөлөнүп жаткан эки уулу соттолууда. Мубарактын жактоочулары менен каршылаштары сот залынын сыртына чогулуп, имаратты жүздөгөн аскерлер кайтарып жатышат.

Февралдагы өкмөткө каршы демонстрациялар маалында 850дөй киши набыт кетип, 6 миңдейи жарадар болгон. Мубарактын күнөөсү далилденсе, өлүм жазасына өкүм кылынышы мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG