Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Иракта бир нече кол салуу болду


Ирактын шаарларында бүгүн болгон бир нече жардыруу ондогон кишинин өмүрүн алып кетти. Кут калаасынын борборунда кош жардыруудан кеминде 34 киши каза тапты. Полициянын маалыматына ылайык, биринчи бомба базарда эл жыш толгон учурда, экинчиси ошол эле жерде куткаруучулар жардам көрсөтүп жаткан маалда жарылган. Түштүктөгү Нажаф шаарында жанкечти полициянын имаратына кол салганда бери дегенде 3 киши жан таслим болду. Киркук жана Кербала шаарларында да 3 киши өлдү.

2006-жылдан бери өлкөдө зордук-зомбулук бир аз басаңдап калганы менен, кол салуулар дагы эле көп болот. Эки тараптуу келишимге ылайык, Ирактагы америкалык контингент быйылкы жылдын этегине чейин чыгарылышы керек.

XS
SM
MD
LG