Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

Кезексиз жыйын күтүүсүз акция менен башталды


15-августта эртең менен Жогорку Кеңеш имаратынын алдына миңден ашык адам чогулуп, кезексиз жыйынга чогула турган депутаттарды, парламенттин аппарат кызматкерлерин ичкери киргизбей коюшту.

“Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” уюмдарынын мүчөлөрүнөн турган топтор Ак үйдүн эки эшигин тороп алып, 7-апрель окуялары боюнча соттук ишти аягына чыгарууну талап кылышты.

Мындан тышкары чогулгандар мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин үй камагына бошотулушуна нааразы болушуп, Равшан Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу баштаган бир катар депутаттарды кысмакка алышты.

Жакында мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. Калыевди үй камагына бошотуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин алтымыштай депутаты да билдирип, судьяга кат жолдошкон.

Көп өтпөй Калыевди үй камагына бошотуу өтүнүчүн билдирген 61 депутаттын 15и оюн кайра кайтарып алды.

Ушул эле күнү Ак үй алдына “Сотторду тазалоо” кыймылынын мүчөлөрү да нааразылык акциясын өткөрүп, Жогорку Сот менен Конституциялык палатага тандалган судьяларды бекитпөөнү жана алардын талапкерлигин кайра карап чыгууну талап кылышты. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден билдиргендей, чогулгандар талаптары аткарылбаса, өлкө боюнча мөөнөтсүз митингге чыга турганын эскертишти. “Сотторду тазалоо” кыймылы судьялар туура эмес тандалганын жүйө кармашууда.

Түштөн кийин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталып, Соттордун тандалышы боюнча соңку жагдайларга байланыштуу төрага Ахматбек Келдибеков парламенттеги депутаттарга кайрылып, судьялардын айласындагы маселелерге депутаттар чекит коюшу керектигин билдирди:

“Сот системасы боюнча эл көтөрүп жаткан маселени, татыктуу эмес сотторду өткөрүп-өткөрбөө сиздердин колуңуздарда. Добуш бербей өткөрбөсөңөр өтпөйт. Сотторду тандоо кеңеши да ушул жерде түзүлгөн. Ишөөнбөөчүлүк болсо, добуш менен чечиңиздер”,-деди Келдибеков.

Жогорку Кеңештин саат алтыда кайра уланган кезексиз жыйынында Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кете турганын жарыялады. Ал өзүнүн дарегине айтылган сындарга макул эместигин, бирок кеңештин айланасындагы соңку жагдайлардан улам төрагалыкты тапшырып берип жатканын ачыктады. Буга чейин бир катар депутаттар Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын тандоодо алешемдиктер кеткенин, мындан улам аларды тандаган Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Базарбековдун кызмат кетиши керектигин билдиришкен.

24 кишиден турган Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Сотко 29, Конституциялык палатага 11 судьянын талапкерлигин тандашкан.


Кезексиз жыйын митинг менен коштолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

XS
SM
MD
LG