Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

"Прогресс кору": Алмазбек Атамбаев кызматын тапшырсын


"Прогресс кору" өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого катыша турган болгон соң, премьер-министрлик кызматын тез арада тапшыруусу керек деген мазмундагы кайрылуу таратты. Кайрылуу ээлеринин белгилеши боюнча бул өз кезегинде шайлоодо административдик ресурсту пайдалануу ыктымалдыгын жокко чыгарат жана алдыдагы шайлоолордун акыйкат жана таза өтөрүнө шайлоочунун ишеничин бекемдейт.

"Эгер ал кызмат ордун тапшырбаса, бул башка талапкерлердин шайлоо жыйынтыгын тааныбасына, аны менен бирге коомчулукта каршылаштыктын күч алышына алып келет. Алмазбек Атамбаев "шайлоого биримдик үчүн, элди бириктирүү үчүн баратам" деп айткан сөзүн иш жүзүндө көрсөтсүн" деп жазылат кайрылууда.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевди Социал-демократиялык партиясы президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG