Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Президент сунуштаган соттордун экөөнө парламент макулдугун берди


Мамлекет башчы Роза Отунбаева парламентке сунуштаган үч талапкердин экөө: Клара Сооронкулова менен Эмил Өскөнбаев Жогорку Кеңештин кезексиз отурумунда судьялык ант беришти. Алар Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына тандалышып, парламенттин колдоосуна ээ болушту. Ал эми Таштемир Чилдебаевдин талапкерлиги депутаттар тарабынан колдоо таба алган жок.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун Конституциялык палатасына 11 талапкерди тандаган. Мамлекет башчы алардын ичинен үчөөнүн гана талапкерлигин колдоп, калганын кайрадан кароого Сотторду тандоо кеңешине жиберген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG