Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

7-апрель окуясы боюнча сот уланат


15-августка белгиленген соттук териштирүү жабырлануучулардын сотко келбегенине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Апрель окуясынын жабырлануучулары айыпталуучулардын бири, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин үй камагына чыгарылышына нааразылыгын билдирип, кечээ Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгып, Бактыбек Калыевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн деген өтүнүчкө кол койгон депутаттарды чыгарууну талап кылышты. Ошол эле күнү алар менен ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков жолугуп, бул маселени териштирерин убада кылган.

7-апрель окуясы боюнча сотто айыпталып жаткан мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Буга жабырлануучулар жана алардын адвокаттары каршы чыгышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG