Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Адаватчылар Каддафинин чабарманы менен кездешпегенин айтууда


Ливиялык козголоңчулардын өкүлдөрү алар Муаммар Каддафинин чабармандары менен Тунисте түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн билдирди. Мурдараак Тунистин Жерба аралында ливиялык адаватчылар менен Каддафинин өкүлдөрү кездешип жатканы кабарланган. Бириккен Улуттар уюму да Тунистеги сүйлөшүүлөргө БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун атайын чабарманы жиберилди деген маалыматты жокко чыгарды. БУУнун өкүлүнүн маалымдашынча, Абдул Илах ал-Хатиб ырас эле Туниске барып, бирок жергиликтүү бийликтер менен гана жолугушкан.

Египеттик ырасмий адамдар 15-августта Каирге Ливиянын ички иштер министри Наср ал-Мабрук Абдулла үй-бүлөсү менен келгенин айтышууда. Ошол эле учурда Абдулла Каддафини таштап кеткени кабарланууда

XS
SM
MD
LG