Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү


Ички иштер министрлигинин жеке курамы бүгүндөн баштап күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматкери Адыл Оморов билдирди. Күчөтүлгөн тартип 1-сентябрга чейин созулмакчы. Мындай чечим Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдык мааракеси жана Курманжан Датканын жылын белгилөөгө байланыштуу кабыл алынды.

“Коомдук тартипти камсыз кылуу максатында кошумча жөө жана автокүзөттөр коюлат. Ошондой эле жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин иши күчөтүлөт. Коопсуздук сактоого майрамдар учурунда 4,5 миң милиция жана ыктыярдуу элдик кошуундар тартылат”,-деди Адыл Оморов.

31-августта Кыргызстан көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын белгилейт. 2011-жыл Кыргызстанда Курманжан Датка жылы деп жарыяланган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG