Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Маңзат өсүмдүктөрүн өстүргөндөр көбөйүүдө


Маңзаттарды көзөлдөө кызматы Кыргызстанда акыркы убакта маңзат өсүмдүктөрү көп кармалып жатканын, курамында маңзаты бар өсүмдүктөрдү өстүргөн жарандар көбөйгөнүн билдирүүдө. Аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 1-июлдан бери эле Кыргызстанда кара куурайдын 8920 сабагы табылып, жок кылынды.

“Кара куурай” операциясынын жүрүшүндө өлкө аймагында 543 килограмм маңзат колго түшүрүлгөн. Алардын 495 килограммын кара куурай, 1 килограммдан ашыгын гашиш жана 47 килограммдайын көкнар түзөт.

Маңзаттарды көзөлдөө кызматы өлкө боюнча Ысык-Көл облусунда маңзат жасалчу өсүмдүктөр көп кармалганын билдирүүдө. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG