Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Президенттикке талапкерлердин саны 2 адамга азайды


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн өзүн-өзү көрсөткөн KGinform.com маалымат порталынын редактору Виктор Виноградов менен "МК Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов арыздарын кайтарып алышты. Натыйжада президенттикке катышууну каалагандардын саны 81ге түштү. Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү кечээ түнү аяктаган.

Арыз берген адамдар 30 миң кол топтоп, 100 миң сом күрөө пул төлөөгө милдеттүү. Алар мамлекеттик тил сынагынан өткөндөн кийин каттала башташат. 30-октябрга белгиленген шайлоого талапкерлерди каттоо 25-сентябрда аяктайт. (KKs)

XS
SM
MD
LG