Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Зеллик: Экономикалык каатчылык болушу мүмкүн


Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зеллик Европа өлкөлөрүнүн жана АКШ бийликтери жаңыдан дүйнөлүк экономикалык каатчылыкты алдын алуу үчүн экономиканы турукташтыруу багытында тез арада чараларды көрүүгө тийиш деп эсептейт.

Бүгүн Австралияда сүйлөп жатып Зеллик Европа өлкөлөрүнүн кээ бирлериндеги карыз каатчылыгы жана АКШдагы ички карыз көйгөйүнүн айланасындагы саясий жөнсүздүк дүйнөлүк базарга терс таасирин тийгизгенин белгилеп, Европа жана АКШнын адистери кризиске каршы стратегиялык чечимдерди кабыл алуусу зарыл деди.

Мурдараак Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристин Лагард Европа өлкөлөрү жана АКШнын каржылык чыгымдарды өтө тез кыскартуусу дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүн жайлатышы мүмкүндүгүн эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG