Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Ливияда козголоңчуларга каршы “Скад” ракетасы колдонулду


Ливияда Муаммар Каддафинин бийлигине каршы чыккан козголоңчулар басып алган Брега шаарына чабуул коюуда өкмөттүк аскерлер “Скад” ракетасын колдонушканы айтылды. Бул тууралуу козголоңчулардын кол башчылыгы кечээ маалымдап, Эз-Завия жана Гарьян шаарларында куралдуу кагылышуу уланып жатканын билдирди. Жергиликтүү дарыгерлердин маалыматына ылайык, Эз-Завия шаарындагы аткылашууда өкмөттүк көзгө атарлардын огунан бери дегенде 3 карапайым тургун набыт болгон.

Дүйшөмбүдө Муаммар Каддафи өз таламдаштарын “өлкөнү саткындардан тазалоого” чакырган. Жарым жылдан бери тирешип келген эки тарап тең Тунистин Жерба аралында жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген маалыматты четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG