Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

“Сильная Украина” Региондор партиясына кошулат


Украинанын вице-премьер-министри Сергей Тигипко анын партиясы президент Виктор Янукович башындагы Региондор партиясына кошулат деп жар салды. Украинанын борбордук банкынын мурдакы башчысы Тигипко былтыркы президенттик шайлоодо 13 пайыз добуш алып, маарага үчүнчү келген.

Кээ бир серпчилер 51 жаштагы Тигипкону президент Януковичтин мураскери катары көрүшөт. Келерки октябрда Украинада болчу парламенттик шайлоодо Региондор партиясынын негизги атаандашы мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун “Баткившине” (Ата жер) партиясы болот деп боолгонууда. Тигипконун “Сильная Украина” партиясы парламентке кирбейт.

XS
SM
MD
LG