Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Президент Салех мекенине жакында келет


Йемен президенти Али Абдулла Салех жакында Саудиядан мекенине кайтып келерин билдирди. Ал оппозициячыл уруулар менен өкмөттүк аскерлердин июндун башында болгон кагылышуусу учурунда Санаадагы президенттик сарайында жарадар болгондон бери эр-Риядда дарыланууда.

Салех 16-августта 6 миңдей уруулаштары алдында түз эфирде сүйлөгөн сөзүндө жети айдан берки Йемендеги саясий кризисти токтотуу үчүн оппозицияны жалпы элдик шайлоого барууга чакырды. Президент Салех ошондой эле анын бийликтен кетүүсүн талап кылган оппозицияны "элдик козголушту өз кызыкчылыгына пайдаланууда" деп күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG